УКМК Кыргызстанда синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйгөнүн маалымдайт

Коом 0


Бишкек, 19.04.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Кыргызстанда синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйгөнүн маалымдайт.

Учурда комитет өлкө боюнча баңгизаттарды өндүрүүчүлөрдү/таратуучуларды жок кылуу боюнча активдүү иш алып барууда.

"Заманбап синтетикалык дары — бул ар бир адам үчүн эң коркунучтуу "капкан". Өзгөчө, 25 жашка чейинки өспүрүмдөр жана жаштар арасында тобокелдик көбүрөөк болуп саналат.

Андыктан, ата-энелерге балдарынын кызыкчылыктарын көзөмөлдөөгө, алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле синтетикалык баңги заттарды колдонуунун коркунучтуу кесепеттери жөнүндө көбүрөөк маалымат берип туруу сунушталат", - деп айтылат маалыматта.

УКМК шаар тургундарын баңгизаттарды жана психотроптук заттарды таратууга байланышкан бардык белгилүү фактылар боюнча төмөнкү телефондорго байланышууга чакырат.: +996708314813 (WhatsApp жана Telegram).

Комитет химиялык баңгизаттарын кабыл алуу кайтарылгыс кесепеттерге алып келет жана аларды өндүрүү/тараттууга катыштыгы бар тараптар мыйзам тарабынан катуу жазаланарын дагы бир жолу эскертет.

Пикир

Оставить комментарий