УКМК кызматкерлери №48 бала бакчанын тарбиялануучуларын куттукташты

Коом 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери №48 атайын мектепке чейинки билим берүү мекмесинин тарбиялануучуларын куттуктады. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Бул иш-чара Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен уюштулган.

Буга чейин аталган билим берүү уюмунун директору Р.Сулайманкулова Камчыбек Ташиевге кайрылып, аталган уюмду көрктөндүрүү жана эмерек сатып алуу боюнча көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирген.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын карамагында турган №48 атайын мектепке чейинки билим берүү мекемеси интеллектуалдык өнүгүүсү, угуусу жана сүйлөөсү начар балдар үчүн өлкөдөгү жалгыз адистештирилген, күнү-түнү тарбиялоочу мекеме болуп саналат. Учурда 10 топто жалпы 230 бала, анын ичинен 6 түнкү топто 60 бала тарбияланып жатат.

УКМК төрагасынын тапшырмасынын негизинде аталган уюмдун ички абалын жакшыртуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, балдар ойноочу аянтча жаңыланды, жасалма газон төшөлдү, муздаткыч оңдолуп, сырдоо иштери ж.б керектүү шарттар түзүлдү. Ошондой эле канализациялык люктар алмаштырылды.

Мындан тышкары, УКМК кызматкерлери майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө комитеттин башчысынын жана жамаатынын атынан мекеменин тарбиялануучуларын майрамы менен куттуктап, белектерди тапшырды. Ошондой эле 53 адамдан турган тарбиячылардын (сурдопедагогдор, дефектологдор, логопеддер) жана педагогдордун ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен аларга сыйлык катары 265 миң сом өлчөмүндө акча каражаты берилди.

Өз кезегинде мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчилиги жана жамааты УКМК башчысына жана кызматкерлерине ыраазычылыгын билдиришти.

Белгилей кетсек, окуу жылынын башында УКМК төрагасы Ташиев аталган уюмга жеке өзү барып, алардын жумушуна ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү пландап жаткандыгы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий