УКМК кызматкерлери "Оберег" реабилитациялык борборуна жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 01.06.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Бишкектеги "Оберег" реабилитациялык борборунун тарбиялануучуларын Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын негизинде кызматкерлер аталган борбордун тарбиялануучуларына белектерди тапшырып, акчалай жардам көрсөтүштү. Ошондой эле тарбиячылардын жана мугалимдердин (психологдор, дефектологдор, логопеддер) ишинин өзгөчөлүгү эске алынып, аларга кошумча акчалай сыйлыктар берилди.

Өз кезегинде, «Оберег» борборунун жетекчилиги жана кызматкерлери УКМК жетекчисине жана кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришти.

Иш-чаранын соңунда "Оберег" борборунун жамаатына, окуу жылынын башында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев борборго жеке өзү келип, алардын жумушуна ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү пландап жаткандыгы айтылды.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин дарегине "Оберег" реабилитациялык борборунун кызматкерлери кайрылып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан борборго мүмкүн болгон жардамды көрсөтүүнү суранышкан.

Маалымат үчүн: "Оберег" реабилитациялык борбору ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга коррекциялык жардам көрсөтүүгө жана ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.

Учурда “Оберег” борборунда 50 тарбиялануучу бар, анын ичинен 20 адам 24 сааттык тайпада (5 жана 7 күндүк). Ал эми 8 адам туруктуу жашайт (2 жетим бала реабилитациялык борбордун толук камкордугунда).

Пикир

Оставить комментарий