Бишкек, 31.07.23. /Кабар/. Жеке адамдарга мыйзамсыз ижарага берилген 1,4 млрд сомдук жер тилкелер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Мурда маалымдалгандай, улуттук коопсуздук органдары мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдарына жана жеке адамдарга карата ири өлчөмдөгү акча каражатын алуу үчүн Бишкек шаарындагы кымбат баада бааланган жана кирешелүү жер тилкелерин ижарага берүүгө шарт түзүп бергендер боюнча кылмыш иштер тергелип жатат.
Бул факт боюнча УКМК тарабынан кылмыш иш козголуп, анын алкагында иш боюнча соттолуучулардын иштеген жана жашаган жерлеринде тинтүүлөрдү камтыган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Тергөө иштеринде Равшан Жээнбековдун жубайы С.Алимбаева, жеке бизнестин өкүлдөрүнүн ишенимине кирип, анын мамлекеттик органдарда байланышы бар экендигине ишендирип, кыймылсыз мүлктү ижарага берүү боюнча аукциондо жеңишти ыйгаруу үчүн 500 миң АКШ доллар алгандыгы аныкталды.
С.Алимбаева Финансы министрлигине караштуу «Инфосистема» мамлекеттик ишканасында болгон байланыштар аркылуу каршы келген катышуучулардын аракеттерине бөгөт коюу функциясын мыйзамсыз пайдалануу менен Бишкек шаарындагы 2 кымбат баалуу жер тилкесин ижарага берүү боюнча тооруктарда «Электрондук соода платформасы» автоматташтырылган тутумунда көрсөтүлгөн жеке бизнес өкүлдөрүнүн жеңишин камсыз кылган.
Бул факты боюнча С.Алимбаева менен бирге жооптуу кызматкерлер Финансы министрлигине караштуу «Инфосистема» мамлекеттик ишканасы жана бул кылмышка тиешеси бар айрым жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылды.
Тергөөнүн жүрүшүндө көрүлгөн чаралар менен экспертизанын корутундусуна ылайык баасы 1 млрд 464 млн 383 сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылып, келтирилген зыяндын орду толугу менен толтурулду.
Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери акыркы стадиясында, УКМК бул кылмыш иши боюнча тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берет.
Пикир
Оставить комментарий