УКМК опузалап акча талап кылган блогерди кармады

Укук тартиби 0


Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Опузалап акча каражатын талап кылган блогер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап талап кылуу") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ж.Б.Т. аттуу блогер кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын жыйынтыгы менен 2024-жылдын январь айында интернет тармагында блогер аталган Ж.Б.Т., Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларынын бирине барып, ал жер санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербегендиги үчүн видеого тарткандыгы аныкталган. Андан кийин материалдык пайда алуу максатында,

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларын тейлеген кызматкери тууралуу маалымат чогултуп, мурда тартылган видео тасманы өзүнүн "Facebook" социалдык баракчасына жарыялап, талапка жооп бербеген аталган коомдук жайды мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн кызматкери “калкалап” жатат деген таризде шилтеме калтырган.

Андан соң Ж.Б.Т. интернетке жүктөлгөн материалды алып өчүрүп салуу үчүн, Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин кызматкеринен 25 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Үстүбүздөгү жылдын 6- февралында Ж.Б.Т. УКМКнын кызматкерлери тарабынан 25 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Белгилей кетсек, буга чейин Ж.Б.Т.нын ушундай эле иш-аракетинин айынан, интернетке терс материал жарыялагандыгы үчүн, “Акипресс” маалымат агенттигинин Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн журналисти каза болгон.

Учурда Ж.Б.Т. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий