• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

УКМК Орозалиев, Каниметов жана Салиевге генерал наамдары мыйзамдуу берилгендигин текшерүүдө

Коом 0

Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ички иштер министринин мурдагы орун басарлары Алмаз Орозалиевге жана Мирлан Каниметовго, ошондой эле УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Талант Салиевге генерал-майор наамы мыйзамдуу берилгендигин текшерүүдө. Аталган маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Белгилей кетсек, Орозалиев, Каниметов жана Салиевге генерал-майор наамын ыйгаруу жөнүндө Жарлыктарга 2020-жылдын октябрь айында экс-президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий