• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Бишкек мэриясынын колл-борборунун байланыш номерлери өзгөрдү

Коом 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы "1840" жана "1850" номерлери боюнча иштей баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриянын кыска номерлери "Кыргызтелеком" ААКсы үч орундуу кыска номерлерин төрт орундуу кыска номерлерге которгонунан улам алмашууда.

"Мындан улам шаардыктар "185" номерине чалып, арыз-даттанууларын калтыра албайт. Чалуулар "1840" жана "1850" номерлери аркылуу кабыл алынат. Ал эми көйгөйлүү маселени камтыган сүрөттөрдү мурункудай эле 0554 182-185 номерине жиберүүгө болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий