• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

УКМК Ош шаарында лицейдин директорун пара менен кармады

Укук тартиби 0


Бишкек, 30.08.24. /Кабар/. Ош шаарындагы У.Салиева атындагы адистештирилген лицейдин директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук оопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралардын комплексин жүргүзүүнүн алкагында Ош шаарынын орто билим берүү мекемелеринде системалуу түрдө акча чогултуу фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, 28-августта УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап пара талап кылуу") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош шаарындагы У.Салиева атындагы атайын адистештирилген лицейдин директору У.Ж.И. кармалып, ал аталган окуу жайга студентти кабыл алуу үчүн ири өлчөмдө пара талап кылган.

Атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2024-жылдын 29-мартында өзүнүн иш бөлмөсүндө пара алып жаткан жеринен аталган лицейинин директору У.Ж.И. кармалып, УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорудагы коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарга карата далилдерди чогултуу жана документтештирүү боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

УКМК өлкөнүн мектепке чейинки, мектептик, ошондой эле жогорку окуу жайларында коррупциялык көрүнүштөрдүн болушуна жол берилбестигин эскертет жана КР жарандарын аталган чөйрөдөгү бардык коррупциялык фактылар жөнүндө билдирүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий