• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Текебаев менен Чотоновдун иши: Атамбаев Маевский менен жолуккан - күбө

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.11.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев жана КРнын Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновдордун ишин кайра кароо боюнча кезектеги отурум өттү.

Сотто Айнура Сатарова төрагалык кылууда.

Соттук жыйындын жүрүшүндө УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Нурбек Абдырахматов көрсөтмө берүүдө.

Анын айтуусу боюнча, Алмазбек Атамбаев Леонид Маевский менен жолугушкан.

“Талант Маматкеримов Леонид Маевский менен инвестициялык долбоорду икше ашырууну каалап жаткандыгы тууралуу айткан. Ал эми анын досу Азат Базаркулов MegaCom компаниясынын директорунун орун басары болгондугун жана жакында жетекчи болоорун айткан. Ошондой эле Маткеримов Маевский Атамбаев менен анын иш бөлмөсүндө жолукканын айткан. Ушул жылдын сентябрь айында Маевский Өмүрбек Текебаев менен да жолугушкан, бирок ал жолугушуу Атамбаевден кийин болгон”, - дейт Нурбек Абдырахманов.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы февраль айында кармалган. Алар, 2010-жылы Россиянын жараны Леонид Маевскийден MegaCom мобилдик операторунун акцияларын сатып алууга жардам көрсөтүү үчүн 1 млн. доллар алган деген шек менен кармалган.

Буга чейин райондук жана шаардык сот Текебаев менен Чотоновду эркинен ажыраткан. Ошондой эле алардын мүлкү да камакка алынган. Кийин Жогорку Сот бул чечимдерди күчүндө калтырган.

2019-жылдын 21-августунда КРнын Жогорку соту Өмүрбек Текебаев менен Чотоновдун адвокаттарынын жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайрадан карап чыгуу өтүнүчүн караган. 29-августта алар үй камагына чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий