• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

УКМК: Береке базарын рейдерлик жол менен тартып алгандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.08.24. /Кабар/. Дордой соода борбору комплексинин аймагындагы Береке базарын рейдерлик жол менен тартып алгандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыш иштерин уюштуруучулардын бири катары базар администраторунун катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Тактап айтканда, иликтөө иштеринин жүрүшүндө мурда кармалган Ы.М. аттуу жаран Ж.Ы. аттуу жаран менен алдын ала сүйлөшүп алып, анын уюшкан кылмыштуу топтун жетекчилеринин бири Э.Мамбеталиев менен туугандык байланышы бар болуп, Н.Ж. аттуу жарандан коркутуу жолу менен укук белгилөөчү документтерди алып, уюшкан кылмыштуу топтун колдоосунан пайдаланып, Дордой соода борбору комплексинин аймагында жайгашкан Береке базарын мыйзамсыз тартып алышкан.

Аталган адамдар Н.Ж. атуу жаранды эгер ал базарды талап кылууну токтотпосо, же укук коргоо органдарына кайрылса, физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутушкан.

Ошондой эле бул базардан түшкөн кирешенин бир бөлүгү уюшкан кылмыштуу топторду колдоого жана кылмыштуу аракеттерди уюштурууга жумшалганы аныкталды.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында чогултулган материалдардын негизинде Ж.Ы. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда бул мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий