• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Кыргызстандын аймагында бир жумада 17 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 1нен 7-январга чейинки аралыкта 16 миң 195 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Акыркы жумада аныкталган бузуулардын ичинен:

  • тиешелүү документи жок унаа башкаруу - 196;
  • мас абалында унаа башкаруу - 208;
  • автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 32;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежелерин бузуулар - 754;
  • ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу - 2 080;
  • автоээнбаштык - 7;
  • ылдамдыктан ашырып айдоо - 3 442;
  • жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу - 4;
  • башка эреже бузуулар - 9 472.

Жол инспекторлору тарабынан 1 091 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилди.

КР ИИМдин ЖКККББсы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий