• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын эмгек сиңирген куруучусу Жеңишбек Бекболотов дүйнө салды – некролог

Коом 0

Бишкек, 08.01.24. /Кабар/. 2024-жылдын 7-январында узакка созулган оорудан кийин 79 жаш курагында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу Жеңишбек Бекболотов каза болду.

Жеңишбек Бекболотов 1945-жылдын 15-майында Ош облусунун Жаңы-Жол районундагы Караван айылында туулган. 1969-жылы Ташкент политехникалык институтун аяктап, “инженер куруучу – технолог” адистигин алган.

Жеңишбек Бекболотов мамлекеттик кызматта катардагы заводдун мастеринен тартып Өкмөттүн мүчөсүнө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына чейинки узак эмгек жолун басып өткөн.

1986-жылдан 1990-жылга чейин Кыргыз ССРинин Эл депутаттары Кеңешинин Ош аткаруу комитетинин Төрагасы болгон.

1990-жылдан 1994-жылга чейин Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 12-чакырылышынын “Легендарлуу парламенттин” депутаты болуп шайланган.

1996-жылдан 1999-жылга чейин Кыргыз Республикасынын суу чарба министри кызматын аркалаган.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун администрациясынын башчысы – акими болуп иштеген.

Техникалык илимдердин кандидаты, курулуш, ирригацияда жана суу пайдалануу чөйрөсүндө илимий эмгектердин жана көптөгөн ойлоп табуулардын автору болгон.

Көп жылдык жемиштүү эмгеги, курулуш, айыл жана суу чарба чөйрөсүндө өзгөчө жетишкендиктери үчүн мамлекеттик жана тармактык сыйлыктар менен, анын ичинен “СССР элдеринин достугу” ордени, Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалы, “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери” наамы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын техника жана илим жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

Жеңишбек Бекболотов Кыргызстандын тарыхында өлкөнүн курулуш, айыл жана суу чарба чөйрөсүн жакшыртууга жана өнүктүрүүгө көрүнүктүү салым кошкон мамлекеттик жана коомдук ишмер катары калат.

Үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Жеңишбек Бекболотовдун бийик инсандык касиети, жогорку адамгерчилиги жана жаркын элеси бардыгыбыздын жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

С.Н. Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.У. Жапаров, З.К. Базарбеков, Э.Ж. Осконбаев, С.С. Касмамбетов, А.А. Касымалиев, К.К. Ташиев, Б.Э. Торобаев, Э.Ж. Байсалов, Ж.К. Исаева, Н.А. Азыгалиев, Н.О. Сыдыгалиев, М.Ш. Шеримкуов, А.Ж. Жумагулов, А.С. Кадыралиев, А.Т. Сыргабаев, М.К. Укушов, А.К. Осмонов, А.Н. Исанов, М.А. Токтоболотов, А.Н. Абдибаева, Г.О. Култаева, М.К. Алиев, Б.Т. Кошматов, К.Ж.Таштаналиев, Э.У. Узакбаев, А.С. Кулбаев, Р.С. Мамыров, З.Б. Сыдыков ж.б.

Пикир

Оставить комментарий