• 87
  • 91.29
  • 0.84

УКМК: Соцтармактар аркылуу коронавирус боюнча жалган маалыматтарды тараткан жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Социалдык тармактар аркылуу коронавирус боюнча жалган маалыматтарды тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 23-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 1968-жылы туулган Нарын областынын Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну Ибраев Турарбек Жеткинчекович аныкталып, кармалды.

Такталган маалымат боюнча, ал социалдык тармактар аркылуу коронавирус боюнча жалган маалыматтарды тараткан. Ал текшербестен, жалган маалыматка ишенип, аны тараткандыгын мойнуна алып, жалпы элден кечирим сурады. Анын ишине юридикалык баа берилет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек, жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Пикир

Оставить комментарий