• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

УКМК: 2015-жылы террордук аракеттерди жасоону пландаган согушкер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. 2015-жылы террордук аракеттерди жасоону пландаган согушкер кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК Эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн контртеррористик иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаарынан мурда издөөдө жүргөн тыюу салынган уюмдун мүчөсү Кыргыз Республикасынын жараны "С.А.С." кармалды.

Такталгандай, кармалган адам ЭТУ мүчөсү болгон жана 2015-жылы жайында Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө качып кутулуп, андан кийин жашыруун терросттик уюмдардын курамында жүрүп, өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Тергөөдөгү кылмыш иштеринин алкагында аталган адам кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө иш-чаралары улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий