УКМК Таластагы стадионду оңдоп-түзөөдө мыйзамсыз фактыларды аныктады

Коом 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Талас шаарындагы Э.Кутманалиев атындагы спорт стадионун капиталдык оңдоодон өткөрүүдө кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК Талас шаарынын мэриясынын жана "Талас Жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын айрым кызмат адамдары тарабынан аталган стадионду капиталдык оңдоодон өткөрүүдө кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, ошондой эле подряддык уюм тарабынан келишимдин шарттарын аткарбоо фактыларын аныктады.

Тактап айтканда, "Талас Жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлери аталган стадионду капиталдык ремонттон өткөрүүдө КР мыйзамдарын бузуп, тендер өткөрбөстөн подряддык уюм менен түз келишим түзгөн.

Жыйынтыгында подряддык уюмдун жооптуу кызматкерлери жана кызмат адамдары тарабынан келишимдин шарттарын бузуулар орун алганына, ошондой эле аткарылган курулуш иштеринин сапаты талапка жооп бербегендигине карабастан 25 млн сом бөлүнгөн.

Учурда аталган муниципалдык ишкананын жооптуу жетекчилерине жана кызматкерлерине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, иштин бардык жагдайларын жана бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий