• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК: Тараптардын биргелешкен ыкчам штабы кырдаалды турукташтыруу үчүн ишин улантууда

Кырсык 0

Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. 17-сентябрь таңкы саат 07:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Баткен облусу менен чектешкен аймагында түн салыштырмалуу тынч өттү, бирок абал курч. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын башчыларынын жана тиешелүү түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн түзүлгөн ыкчам штаб кырдаалды турукташтыруу үчүн биргелешкен иштерди улантууда.

Кыргыз тарап коңшу тарапты ок атышпоо боюнча жетишилген макулдашууларды так сактоого, мамлекеттик чек арадагы чыңалууну сактоого шарт түзгөн ар кандай факторлорго жана шарттарга жол бербөөгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий