• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Өмүр бою соттолгондор кармалган колонияда 18 жаштагы аскер өзүн атып алды

Кырсык 0

Бишкек, 07.06.18. /Кабар/. Чүй облусунун Жаңы-Жер айылындагы өмүр бою соттолгондор кармалган №19 колонияда аскер өзүн-өзү атып алган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 6-июнда 18 жаштагы аскер Б.А., өз ордунда кызмат өтөп жатып, саат 10:40та өзүн-өзү башына аткан.

“Учурда иликтөө амалдары жүрүүдө. Ишти Аскер прокуратурасы карап жатат”,-деп билдиришти ЖАМКтан.

Пикир

Оставить комментарий