Бишкек, 27.05.19. /Кабар/. Тыюу салынган атайын техникалык каражаттар табылды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 25-майда УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесинин 2-бөлүмү (атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз өндүрүү жана сатуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча К.Д., аттуу жарандын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган (маалыматтарды жашыруун алуу үчүн) атайын техникалык жабдуулар табылган.
Азыркы убакта кылмыш иштин негизинде тиешелүү экспертиза дайындалды.
Тергөө жүрүп жатат.
Пикир
Оставить комментарий