• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 16.10.23. /Кабар/. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жогорку саясий жетекчилигинин уюшкан кылмыштуулукту жоюу боюнча ички саясий багытын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын алкагында, анын идеологиясын жана финансылык жана материалдык негиздерин андан ары натыйжалуу демонтаждоо катары УКМК, Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте кылмыш иши тергелүүдө, анын алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар төмөнкү адамдардын жашаган жериде тинтүү иштери жүргүзүлдү:

1976-жылы туулган О.А.К., 1995-жылы туулган И.Б.Т., 1996-жылы туулган Э.Э.Э., 1963-жылы туулган К.Н.А., 1986-жылы туулган Т.у.К., 1970-жылы туулган Ж.Т.К., 1976-жылы туулган М.М.И., 1976-жылы туулган С.Т.К., 1971-жылы туулган К.Р.К., 1956-жылы туулган А.К.Ш.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий