• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9,5 млрд куб метрди түздү

Коом 0

Бишкек, 19.06.23./Кабар/. Бүгүн, 19-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 млрд 504 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1 миң 439 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 442 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий