• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

УКМК уулуу заттарды сатууга аракет кылган жаранды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Уулуу заттарды сатууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 1967-жылы туулган Г.Ж.А. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жеке адамдар сымаптын ири партиясын Баткен облусунан Бишкек шаарына сатуу максатында ташып келүүнү пландап жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй облусунун Жайыл районундагы Төө-Ашуу ашуусунда Г.Ж.А. аттуу жарандын унаасын тинтүү учурунда 40 кг сымап табылып, кармалган, ал аны Бишкек шаарына 8 миң АКШ долларына сатууну пландаган.

Учурда аталган факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары, анын ичинде уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий