• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ысык-Атада кабель уурдоого шектелип 51 жаштагы жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Ысык-Ата райондук милициясынын кызматкерлери 27-апрелде Ивановка айылында телефон кабелин уурдаганга шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (“Уурдоо”) негизинде каттоого алынып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Шектүүнүн өздүгү такталып, ал 51-жаштагы М.Д. болуп чыккан. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда аталган жаран Ысык-Ата районунун аймагында дагы төрт кабель уурулук фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий