Чет элдиктерге таандык. УКМК Ысык-Көлдө мыйзамсыз иштеген майнинг-ферманы аныктады

Аймак 0


Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы майнинг-ферманын мыйзамсыз иш аракеттерине бөгөт коюлду, - деп билдирет Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-июнунда КР УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, ошондой эле республикада электр энергиясынын жетишсиздигин эске алуу менен Ысык-Көл облусундагы майнинг-фермасынын (криптовалюта өндүрүшүнүн) Кыргыз Республикасынын электр тармактарына ири зыян келтиргендиги боюнча мыйзамсыз иши аныкталып жана ага бөгөт коюлду.

"Курментицемент" ААК Цемент заводунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, чет элдик жарандарга таандык ири майнинг-фермасынын ишмердүүлүгү аныкталды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, "Күрмөнтцемент" ААК майнинг-фермасынын ишмердүүлүгүн электр жана суу менен камсыздоону мыйзамсыз жүргүзүп келген.

Бул факт улуттук коопсуздук органынын сотко чейинки өндүрүштүк материалдарына КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кылмыш ишинин алкагында майнинг-фермасынын ишмердүүлүгү боюнча 2 миңге жакын жабдуу алынды.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан мыйзамсыз иш аракеттерге тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо иштери улантылууда. э

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий