УКМК Жалал-Абад облусунда баңгизат алып бараткан 2 жаранды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.06.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда баңгизат саткан 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргызстандын аймагы аркылуу Тажикстандан Өзбекстанга баңги каражаттарын ташуу менен алектенген туруктуу трансчекаралык кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, 2024-жылдын 24-июнунда Ноокен районунун Бобуй айылында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун жашоочулары У.Д.М. жана Б.М.Х кармалды. Алар Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу жалпы салмагы 2,4 кг болгон "афган чарсы" аталышындагы гашишти ташып өтүүгө ниеттенген.

Учурда аталган баңги каналын уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий