• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүмүндө (“Опузалап пара талап кылуу”) каралган кылмыштын негизинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Ай айылынын Ж.Ж.С. аттуу тургуну, жергиликтүү кеңештин депутаты кармалган.

“Ж.Ж.С. физикалык күч колдонуу, коркутуу жолу менен жергиликтүү тургундардан системалуу түрдө акча жана башка материалдык баалуулуктарды талап кылып келген. Ал рейдерлик жол менен райондун аймагындагы айыл чарба жана балык чарбачылыгына убада кылган жер тилкелерин өзүнүн ишенимдүү адамдарына кайра мажбурлап каттатып, кийин ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү жолу менен басып алганы аныкталган”, - деп айтылат маалыматта.

Мурда Ж.Ж.С. ар кандай кылмыштар боюнча бир нече жолу кылмыш жообуна тартылып, 2021-жылдан бери ар кандай кылмыштуу топтордун мүчөсү катары ИИМде каттоодо турган.

Учурда шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу кармалган Ж.Ж.С.нын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тартышы мүмкүн болгон адамдар 03722 56049, 03722 54961 номерлерине кайрыла алат.

Пикир

Оставить комментарий