• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Мамытов: УКМКнын Академиясын түзүү маселеси ондогон жылдардан бери ар кандай себептерден улам чечилбей келген

Коом 0

Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. УКМКнын Академиясын түзүү маселеси 30 жылдан бери объективдүү жана субъективдүү себептерден улам чечилбей келген. Бул тууралуу УКМКнын башчысынын мурдагы орун басары Токон Мамытов "Кабар " агенттигине билдирди.

Ал бүгүн ошол күн келгенин, буга ардагерлер жана кызматтын өздүк курамы кубанып жатканын белгиледи.

"Улуттук коопсуздук органдарына жогорку билимдүүлөрдү, мекенчилдерди кабыл алуу салтка айланып калган. Эми бул талаптар сакталат деп ойлойм. Азыр дүйнөдөгү оор кырдаалда, аскердик-саясий өзгөрүүлөр маалында бизде академия ачылып жатат. Мында өлкө коопсуздугун камсыздай турган ак ниет жана ишине берилген кызматкерлер чыгарылат. Алар коопсуздукка байланышкан татаал маселелерди чечишет. Ошондуктан президент, Жогорку Кеңештин төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасы муну түшүнгөндүктөн, академиянын ачылышына келишти", - деп белгиледи Токон Мамытов.

Пикир

Оставить комментарий