• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ИИМдин Академиясында Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракеси белгиленди

Коом 0

Бишкек, 15.03.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Ички иштер министирлигинин академиясында кыргыз элинин залкар акындарынын бири Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракесине арналган иш-чара өттү.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 14-мартта өткөн иш-чарага ИИМ Академиясынын башчысынын орун басары Нурия Маматазизова, акынды жакындан изилдеген кыргыз адабиятчылары жана курсанттар катышты.

Иш-чарада турмуш чындыгын таамай айтып ырдаган, эки доорду даңазалаган кыргыздын ак таңдай акыны Барпы Алыкуловдун чыгармачылыгы, басып өткөн турмуш жолу тууралуу кенен талкуу болду.

Мааракени Академиянын башчысынын орун басары милициянын полковниги Нурия Маматазизова ачып берди.

“Дүйнөлүк адабиятта орду кенен замандашыбыздын мааракеси биздин окуу жайда эскерилип жатканы, анын көөнөрбөс өнөрүнө болгон урмат сыйыбыз. Иш-чара өсүп келе жаткан муунга зор таасирин берип, мекенчилдик сезимин ойготуп, улуттук маданий мурастарыбызга болгон сүйүүсүн курчутат” – деди Маматазизова.

Ушул эле саамалыкта ИИМдин Академиясынын уюштуруу, социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Гүлайым Алгочонова “Барпы Алыкулов - элдик педагог, нукура тарбиячы” темасында доклады менен чыкты.

Андан соң университеттердин студенттери жана курсанттары тарабынан акындын ырлары көркөм окулуп, “ Мөлмөлүм” ырына бий тартууланды.

Акындын элесине арналган иш-чаранын соңунда чакырылган конокторго Ыраазычылык каттары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий