• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

УКМКнын делегациясы Пекинде ШКУнун кезектеги жыйынына катышты

Коом 0

ишкек, 13.09.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин делегациясы бүгүн Кытайдын Пекин шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык терроризмге каршы түзүмдүк кеңешинин (ШКУ РТТ) кырк экинчи отурумуна катышты.

Кытайдын төрагалыгы алдында өткөрүлгөн иш-чарага ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын – Беларусь, Индия, Иран, Казакстан Республикасынын, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, ошондой эле ШКУнун РТТ аткаруу комитетинин делегациялары катышты.

Кезекке ылайык кийинки жылы ШКУнун РТТ кеңешине төрагалык кылуу Кыргызстанга өттү.

Аны менен катар ШКУ РТТ кеңеши, аталган кеңештин ишине биринчи жолу катышып жаткан Беларустун делегациясын жылуу кабыл алды жана терроризмден келип чыккан коркунучтардын бардык спектри боюнча профессионалдык диалогду өнүктүрүүнү жактады. Ошондой эле катышуучулар терроризмге каршы күрөштө кош стандарт саясатын жоюуга бекем чечкиндүү экендиктерин билдирди.

Жыйында ШКУ РТТ аткаруу комитетинин, ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын профилдик эксперттик топторунун иш пландары бекитилди.

2024–жылы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдары үчүн интернет тармагын террористтик, сепаратисттик жана экстремисттик максаттарда пайдаланууга каршы аракеттенүү боюнча биргелешкен маалыматтык операцияны жана практикалык семинарды өткөрүүнүн жыйынтыктары жактырылды.

Ийгиликтүү уюштурулган жана өткөрүлгөн маанилүү практикалык иш-чаралар: ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын биргелешкен антитеррордук окуусу "Өз ара аракеттенүү - Антитеррор – 2024", ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын чек ара кызматтарынын жетекчилеринин онунчу отуруму, терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшүү чөйрөсүндө ыкчам маалымат алмашуу боюнча ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнүн отуруму баса белгиленти.

Ошондой эле ШКУнун РТТ Онунчу эл аралык илимий-практикалык конференциясы КМШнын терроризм жана сепаратизм менен күрөшүү боюнча экинчи конференциясы менен бир аянтчада өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий