Бишкек, 02.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 2-декабрда Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн УКМКнын кыз-келиндер арасындагы спорттук мелдеши жыйынтыкталды.
Атайын кызматтан билдиришкендей, турнирде баскетбол жана 1000 метрге эстафеталык жарыш боюнча мелдештер өттү. Ага УКМКнын Борбордук аппаратынын, аймактык бөлүмдөрүнүн, 9-кызматынын жана "Бөрү" Чек ара кызматынын тайпалары катышты.
Турнирдин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө кубок, грамота жана акчалай сыйлыктар менен тапшырылды.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мелдештин жабылуу аземинде жеңүүчүлөрдү куттуктап, дене тарбия жана спорт ден соолукту чыңдоонун маанилүү факторлорунун бири экенин белгиледи. Ошондой эле кызматкерлерди мындан ары да спорт менен активдүү алектенүүгө чакырды.
Пикир
Оставить комментарий