• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

УКМКнын Ленин райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

Коом 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын Ленин райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, имараттын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, ардагерлер жана башкармалыктын өздүк курамы катышты.

Белгиленгендей, жаңы имарат толугу менен заманбап техникалар менен жабдылып, аскер кызматкерлеринин улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында жемиштүү иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Камчыбек Ташиев башкы башкармалыктын кызматкерлерин куттуктап, республиканын жетекчилиги тарабынан мындан ары да мамлекеттин көз карандысыздыгы, аймактык бүтүндүгү, улуттар аралык биримдиги жана ынтымагы үчүн күрөштүн алдыңкы катарында турган ата-мекендик атайын кызматтардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлөрүн белгиледи.

Ошондой эле ал улуттук коопсуздук органдары мындан ары да Ата-мекендин кызыкчылыгы үчүн жан дили менен кызмат кылып, республиканын жетекчилигинин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ички саясий курсун сапаттуу ишке ашырууну камсыздай турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий