• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

УКТ лидери Салим Абдувалиев менен тааныштыгын айтып мактанган жаран суракка алынды – УКМК

Коом 0


Бишкек, 25.07.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети уюшкан кылмыштуу топтун лидери Салим Абдувалиев менен тааныш экенин айтып мактанган Баткен шаарынын тургунун суракка алды.

Атайын кызмат тарабынан "Кылмыштардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык тутумунун электрондук маалыматтык журналына катталган материалдын негизинде 1978-жылы Лейлек районунун Раззаков шаарында туулган З.Э.Т. аттуу жаран ушул кезге чейин толук аты-жөнүн бир нече жолу өзгөрткөн.

Алынган маалыматка караганда, ал үстүбүздөгү жылдын август айында Россиянын Москва шаарынан Раззаков шаарына келгенде УКМК тарабынан издөөгө алынган уюшкан кылмыштуу топтун лидери Салим Абдувалиев (лакап аты Салимбой-бойвача) менен түшкөн биргелешкен сүрөтүн көрсөтүп, өз чөйрөсүндө мактанган.

2024-жылдын 16-августунда аталган З.Э.Т. УКМКнын тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн алынып келинип, ал сурак учурунда айылдашы Кундузов Шухрат (2022-жылы каза болгон) менен Ташкентке барган мезгилинде С. Абдувалиев менен жолугушкандыгын тастыктаган. Ошондон кийин аны менен жана анын айланасындагылар менен жолуккан эмес, биргелешкен иштери да болгон эмес. Учурда ал Россияда эмгек миграциясында болуп, жеке ташуучу болуп эмгектенет.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча З.Э.Т. уюшкан кылмыштуу топко жана аны каржылоого катышы бар экендиги азырынча тастыктала элек, бирок ал криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрү менен байланыш түзүү боюнча өзүнүн жасаган иштеринин укукка каршы кесепеттерин түшүнүп, мындан ары мындай аракеттерди кайталабоого милдеттенди.

Пикир

Оставить комментарий