• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Спорт агенттиги БУУнун КРдагы жаш делегатын тандоого сынак жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги «БУУнун КРдагы Жаш делегаты БУУнун Башкы ассамблеясында, БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин, жана анын комитеттеринде» программасын ишке ашыруунун алкагында жаш делегатты тандоо сынагын жарыялайт.

Сынактын катышуучуларына талаптар:

  • 18-28 жашка чейин;
  • англис тилинде эркин сүйлөө, БУУнун башка расмий тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
  • Кыргыз Республикасындагы жаштар чөйрөсүндөгү иштердин учурдагы абалы боюнча маалыматты билүү;
  • эл алдында сүйлөө көндүмдөрү;
  • жаштардын кызыкчылыктарындагы өнүгүүгө тиешелүү, ошондой эле БУУнун ишмердүүлүгү, түзүмү боюнча маалыматтарды билүү;
  • БУУнун иш-чараларына катышууга чейин жана андан кийин Кыргыз Республикасын өз каражаттарынын эсебинен кыдыруу;
  • эл аралык жаштар долбоорлоруна катышуу тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.

Сынакка катышуу боюнча катышуучулар өздөрү боюнча табыштама тапшырышат:

  • чет элдик паспортунун көчүрмөсү;
  • соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
  • билими жөнүндө документтин көчүрмөсү же окуган жеринен маалымкат;
  • англис тилин өздөштүргөндүгүн тастыктаган сертификатынын көчүрмөсү;
  • сунушталган формага ылайык толтурулган анкета;
  • БУУнун иш-чараларына катышуу концепциясы.

Программага катышууга байланыштуу бардык чыгымдарды катышуучулар өздөрү көтөрүшөт. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тыюу салынбаган булактардан каражат издөөгө жана чогултууга көмөктөшөт.

Делегаттарды тандоо анкетасы жана сынактын Жобосу тиркелген.

Табыштамалар 2021-жылдын 22-февралына чейин кабыл алынат.

Кененрээк маалымат үчүн 0312 32-52-18 телефон номерине кайрылсаңыздар болот.

Маалымат үчүн:

Программанын максаты - Кыргыз Республикасынын жаш өкүлдөрүнө расмий Экономикалык жана социалдык кеңешине, БУУнун Генералдык Ассамблеясына жана анын Комитеттеринин иш-чараларыны катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү, чечим кабыл алууга жаштардын катышуусун күчөтүү, жаштардын заманбап эл аралык мамилелер жөнүндө билимдерин тереңдетүү.

Жаш делегат:

  • Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөсү болуп эсептелет;
  • жыл сайын БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин, БУУнун Генералдык Ассамблеясында жана анын Комитеттеринде Жаштар Форумуна катышат;
  • өзүнүн делегациясына жаштарга тиешелүү суроолор боюнча маалыматты берет;
  • Генералдык Ассамблеянын иш-чараларында жана форумдарда чыгып сүйлөйт;
  • улуттук турненин жыйынтыктарына негизделген Генералдык Ассамблеянын Үчүнчү комитетинин отурумда билдирүү менен чыгып сүйлөйт;
  • жаштарга тиешелүү резолюция боюнча расмий эмес сүйлөшүүлөргө катышат;
  • БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин, БУУнун Генералдык Ассамблеясында жана анын Комитеттеринде резолюциянын кабыл алынышы жана сүйлөшүү кырдаалы боюнча кароолорду көзөмөлдөйт;
  • БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин, БУУнун Генералдык Ассамблеясында жана анын Комитеттеринин баяндамаларын анализдейт жана үйрөнөт;
  • Кыргыз Республикасындагы жаштардын өнүгүү суроолору боюнча чыгып сүйлөй турган долбоорлорду даярдайт;
  • БУУнун расмий документтерин чет тилдерден мамлекеттик жана расмий тилдерге которот;
  • Мамагенттике БУУнун жаш делегаты катарында отурумдарга катышуу жөнүндө жыйынтык отчётту тапшырат;
  • катышуунун жыйынтыгы боюнча жана тажрыйбаны алмашуу максатында ЖМКларга башка граждандык коомдук уюмдарына жана жаштар уюмдарынын мүчөлөрүнө, университеттерге жана мектеп окуучуларынын алдында чыгып сүйлөөнү уюштуруу;
  • жаштарга тиешелүү кабыл алынган Генералдык Ассамблеянын резолюциясын аткарууда өкмөттүк эмес жана өкмөттүк уюмдарга колдоо көрсөтөт;
  • кийинки жаш делегаттарга консультативдик жана методикалык колдоо көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий