“Укук кербени” долбоорунун өкүлдөрү Кара-Суу районунун тургундары менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. КР Акыйкатчы институту тарабынан түзүлгөн “Укук Кербени” долбоорунун алкагында КР Акыйкатчысынын орун басары А.Колопов баштаган топ 2021-жылдын 23-октябрь күнү Кара-Суу районунун жарандары менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчынын катчылыгынан кабарлашты.

Жолугушууда Колопов «Укук кербени» долбоорунун максаты жөнүндө, Омбудсмен институтунун келип чыгышынын тарыхы, Омбудсмен институттарынын башка мамлекеттерде аткарган миссиясы жана Кыргыз Республикасындагы ишмердүлүүгү жөнүндө жана аткарып жаткан иштери боюнча кеңири маалымат берди.

Дүйнөлүк практикада Омбудсмен институту жарандарга жакын болуп, ага кирүү арыз дооматтарын угуу өтө жөнөкөйлөштүрүлгөн.

Жаран башка мамлекеттик институттарга караганда Омбудсменге тез контактка чыга алат жана өзүнүн укугунун бузулушу боюнча маалыматын айта алат. Жарандар туура эмес Омбудсмендин компетенциясына кирбеген маселе менен да кайрылып келишет (соттун же прокуратуранын). Ага карабастан Омбудсмен институту ал арыздарды каттап, иликтеп чыгып кайрылган жаранга туура багыт көрсөтөт, жаран консультация ала алат.

Жолугушуу учурунда Алгабас айылынын бийик тоолу районго караштуулугу маселеси да көтөрүлдү.Ошондой эле жаран Н.А. анын арызы 8 жылдан бери мамлекеттик органдар тарабынан каралып бүтпөй жатканына даттанды.

Жолугушуудан кийин Кара-Суу РИИБ убактылуу кармоочу жайына мониторинг жүргүзүлдү. Ошондой эле райондогу Дүлөй балдардын атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектеби жана Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы Дадан Султанов атындагы жатак-мектебине мониторинг жүргүзүлдү.

Жолугушуу учурунда айтылган сунуштар, келип түшкөн оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылуулар боюнча атайын иштер жүргүзүлөт.

Эске салсак, «Укук кербени» долбоорун ишке ашыруу Европа Биримдиги жана Германия экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) кошо каржылануучу “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү, 2 фаза” программасы тарабынан колдоого алынган.

Пикир

Оставить комментарий