• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Улан Ниязбеков "Кытай – Борбор Азия" ички иштер министрлеринин жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков бүгүн "Кытай – Борбор Азия" форматындагы коомдук коопсуздук жана ички иштер министрлеринин биринчи жыйынына катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйын Кытайдын Ляньюньган шаарында өтүүдө.

Кеңешмеге ошондой эле Казакстандын ички иштер министри Ержан Саденов, Кытайдын Мамлекеттик кеңештин мүчөсү - коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун, Тажикстандын ички иштер министри Рахимзода Рамазон Хамро, Түркмөнстандын ички иштер министри Мухаммет Хыдыров жана Өзбекстандын ички иштер министри Пулат Бобожонов катышты.

Биринчи кеңешменин катышуучулары эл аралык коопсуздуктун негизги чакырыктарын жана экстремизм, терроризм, аткезчилик, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы жана адамдарды сатуу менен күрөшүү жаатындагы акыркы тенденцияларды талкуулашты.

Тараптар иштин бардык багыттары боюнча кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча биргелешкен протоколго кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий