• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Улан Ниязбеков Кытайда коопсуздук боюнча кызматташуу форумуна катышууда

Коом 0

Бишкек, 09.09.2024 /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кытайда коомдук коопсуздук боюнча кызматташуу форумуна катышууда.

Ведомстводон билдиришкендей, министр форумга Кытайдын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохундун чакыруусу менен келген. Ляньюньган шаарында өтүп жаткан форумга бир катар мамлекеттердин Ички иштер министрликтеринин жана полицияларынын жетекчилери катышууда.

Аталган форумдун алкагында ИИМдин башчысынын башка мамлекеттердин укук коргоо органдарынын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуулары мерчемделген.

Ошондой эле Улан Ниязбековдун коомдук коопсуздук жана ички иштер министрлеринин “Кытай – Борбордук Азия” форматындагы биринчи жыйынына катышуусу мерчемделген.

Пикир

Оставить комментарий