• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Москвада "Айыл банктын" филиалын ачуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. Москвада "Айыл банк" ААКтын өкүлчүлүгүн ачуу пландалууда. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.

Бул тууралуу чечим июлдун башында акционерлердин кезексиз жыйынында кабыл алынды.

Муну менен катар Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагындагы (Дөбө участогу) жалпы пайдалуу аянты 444,78 чарчы метр жер тилкеси бар турак эмес жайларды КР министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүп берүү чечими кабыл алынды.

Жер тилкеи 2023-жылга дивиденд катары которулат. Анын баланстык баасы 5 млн 188,6 миң сомго бааланган.

Белгилей кетсек, "Айыл банк" мамлекеттик ири банк. Анын 100% акциясы министрлер кабинетине тиешелүү. Бул салттуу банктык кызматтардын толук спектрин камсыз кылат. Ошол эле учурда банктын негизги иши айыл чарба тармагын насыялоо болуп саналат. Банк Кыргызстандын айыл чарбасын каржылоо боюнча дээрлик бардык мамлекеттик жана эл аралык долбоорлордун катышуучусу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий