• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Улан Ниязбеков милиционерлерди Кылмыш иликтөө кызматкеринин күнү менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 05.10.24. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков милиционерлерди Кылмыш иликтөө кызматкеринин күнү менен куттуктады.

Министрдин куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

"Бүткүл жамаатты кесиптик майрамы – Кылмыш иликтөө кызматкеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм.

106 жыл мурун Кылмыш иликтөө Борбордук башкармалыгы түзүлгөн. Ошондон бери бир кылымдан ашык убакыттан бери иликтөө ишинин адистери мамлекеттик татаал милдеттерди аткарып, чыныгы баатырдыкты жана эң жогорку моралдык-адеп-ахлактык сапаттарды көрсөтүп келишет.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы – бул укук коргоо системасынын эң ири, маанилүү жана элиталык бөлүктөрүнүн бири, анын негизги максаты кылмыштуулукка каршы күрөшүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу, издөөдө жарыяланган, тергөөдөн жана соттон качып жүргөн адамдарды табуу жана кармоо болуп саналат.

Кылмыш иликтөө кызматкерлери чексиз мүнөзүн, эрктүүлүгүн, жан аябастыгын көрсөтүп, жалпы өздүк курам үчүн үлгү болуп калды. Кылмыш иликтөө бүгүнкү күндө да өзүнүн башкы максатын – коом менен криминалитеттин ортосунда ишенимдүү калкан болуу жана ИИМдин бүткүл системасынын жетектөөчү кызматы болуп саналат.

Узак жылдар бою кызмат өтөп, баа жеткис тажрыйбасын жаш кызматкерлерге өткөрүп берип, татыктуу муунду өстүрүшкөн кылмыш иликтөөнүн ардагерлерине өзгөчө ыраазычылык билдирем.

Кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Баарыңыздарга жаңы маанилүү жетишкендиктерди, кызматтагы ийгиликтерди, сиздерге жана жакындарыңызга тынчтык жана бакубатчылык, бекем ден соолук каалайм!"

Пикир

Оставить комментарий