Уланбек Аалиев Свердлов райондук милициясынын башчысы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Уланбек Аалиев Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

ИИМден билдиришкендей, дайындоо жөнүндө буйрук бирдей кызмат ордун берүү жөнүндө соттун чечимин аткарууга байланыштуу чыгарылган.

Уланбек Алиев буга чейин Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын чечими менен ал реабилитация укугу менен кылмыш курамынын жоктугу үчүн көрсөтүлгөн бардык беренелер
боюнча акталган.

Жогорку соттун соттук коллегиясы жогоруда көрсөтүлгөн чечимди күчүндө калтырган.

Белгилей кетсек, Свердлов райондук милициясынын башчысы кызматын буга чейин Жеңишбек Абитов ээлеп келген. Ал Бишкекте чет элдик жарандардын катышуусундагы башаламандыкка байланыштуу күн мурун кызматынан алынган.

Пикир

Оставить комментарий