Жыргалаң суусуна түшүп кеткен экинчи кыздын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Бүгүн 11:30да Жыргалаң суусуна түшүп кеткен экинчи кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7 жаштагы К.М. аттуу кыздын сөөгү көлдүн Дача тилкесинин жээгинен 500 метр аралыкта куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди.

Маалым болгондой, буга чейин 6 жаштагы Т.С. аттуу кыздын сөөгү 25-майда жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.

Эске сала кетсек, 18-майда Түп районунун Михайловка айылындагы дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна 6 жаштагы Т.С. жана 7 жаштагы К.М. аттуу эки кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, жеринде издөө иштери жүрүп жаткан.

Пикир

Оставить комментарий