• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 31.08.18. /Кабар/. Кыргызстанда Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” түзүлдү. Коомдук фонд Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий каттоосунан өтүп, ишмердигин баштады. Бул тууралуу аталган фонддон кабарлашты.

“Журналисттик иликтөөлөр фонду” Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкерелөөчү журналистик демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт.

Бул үчүн өлкөдөгү эң актуалдуу жана орчундуу көйгөйлөрдү иликтөөнү көздөгөн долбоорлорго сынак жарыялап, аны жүргүзүүгө каржылык колдоо көрсөтөт.

Ошондой эле фонд журналисттик резонанстуу иликтөөлөрдүн негизинде коомдук талкууларды, дискуссияларды уюштурат.

Фонд иликтөөчү журналисттерге жылына бир жолу ыйгарылчу “Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө” сыйлыгын негиздейт. Бул сыйлык мезгилсиз дүйнөдөн кайткан чыгаан иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналат.

Пикир

Оставить комментарий