• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жумабеков көк бөрү боюнча президенттик кубоктун финалдык оюнуна күбө болду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.08.18. /Кабар/. Кечээ, 30-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган көк бөрү оюну боюнча президенттик кубоктун финалдык таймашына күбө болду.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Төрага Дастанбек Жумабеков кыргыз элин эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, майрамга карата уюштурулган көк бөрү оюну жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи.

Ошондой эле Төрага улуттук көк бөрү оюнунун маанилүүлүгүнө токтолуп: “Эрендердин эр оюну аталган көк бөрү – кыргыз спортунун жүзү. Бүгүн да ат үстүндө айгай салып, камчысын кырча тиштеген азаматтарыбыз көңүл кубанткан мыкты оюн көрсөтүштү. “Така туякты сактайт, туяк атты сактайт, ат эрди сактайт, эр элди сактайт” – дегендей, атыңар ташыркабасын, өзүңөр эл намысы, журт бүтүндүгү үчүн аман жүргүлө”, – деген тилегин билдирди.

Андан тышкары, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун да ийгиликтүү өткөрүү зарылчылыгын белгилеген Дастанбек Жумабеков: “Дүйнө элинин бүйүрүн кызыткан ири иш-чараны өткөрүү алдында турабыз. Бул саамалык кыргыз элинин дүйнөлүк маданиятка кошкон салымы. Көчмөн элдердин башын кошкон оюндардын башкы максаты улуттук маданиятыбызды таанытуу менен катар мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоо, достукту даңазалоо болуп эсептелет. Андыктан, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып ийгиликтүү жыйынтыктап алалы. Оюнга келген элдер жерибиздин кооздугуна гана эмес, элибиздин бийик маданиятына жана меймандостугуна суктанып кетсин”, – деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, Президенттин кубогуна арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш 17-августта башталып, ага 12 команда катышкан. Ал эми бүгүн Таластын “Бакубат Талас” командасы, Ысык-Көлдүн “Толкун” командасы менен финалда ойноп, жеңишке жетти.

Пикир

Оставить комментарий