• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Уланбек Султанов Россия жана Казакстандын ИИМ өкүлдөрү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Уланбек Султанов Россиянын Ички иштер министрлигинин өкүлү Антон Кочетов жана Казакстандын Кыргызстандагы Ички иштер министрлигинин өкүлү Аян Дуйсембаев менен жолукту.

ИИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө баңгикылмыштуулукка жана баңгиликке каршы туруу жаатындагы маанилүү маселелер талкууланды.

Жолугушуунун катышуучуларынын негизги көңүлү КМШга катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдарынын баңгизатка каршы бөлүмдөрүнүн биргелешкен билдирүүсүн ишке ашырууга багытталды. Аталган чечимдин ийгиликтүү аткарылышы КМШ мамлекеттеринин аймагында баңгикылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү үчүн негизги мааниге ээ экендиги баса белгиленди.

Мындан тышкары, тараптар калкты баңгикылмыштуулукка жана баңгизаттарды керектөөгө тартууга каршы аракеттенүүнү активдештирүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты. Жолугушуунун катышуучулары баңгизаттарга көз карандылыкты алдын алуу чараларын күчөтүү, баңгиликти алдын алуу программаларынын алкагында инновациялык ыкмаларды киргизүү жана укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле жолугушууда баңгизаттарды алдын алуу демилгелерин комплекстүү колдоону күчөтүүгө, анын ичинде укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында окутуу жана тажрыйба алмашуу жаатындагы биргелешкен күч-аракеттерди, ошондой эле баңги кылмыштарын аныктоо жана бөгөт коюу үчүн заманбап технологияларды интеграциялоого өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун катышуучулары баңги кылмыштар менен күрөшүүдө кызматташууну мындан ары бекемдөөгө даярдыгын билдирип, аймактык жана эл аралык деңгээлдерде аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий