• 87
  • 90.43
  • 0.88

Улукбек Марипов Эр-Рияд шаарында жашаган КР жарандары жана студенттер менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 19.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Мариповдун Эр-Рияд шаарында жашаган Кыргызстандын жарандары жана студенттери менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Марипов жарандарга КР президенти жана министрлер кабинети тарабынан КРнын социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле жаштарды колдоо боюнча мамлекеттик саясат тууралуу маалымат берди.

"Ошондой эле биздин жарандарга президент тарабынан Тышкы иштер министрлигинин жана республикабыздын чет өлкөлүк мекемелеринин алдына коюлган КРнын жарандарынын чет өлкөлөрдө укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча милдеттер тууралуу маалымат берилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө жарандарыбыздын жана студенттерибиздин бардык суроолоруна, анын ичинде окууга тийиштүү документтерди даярдоо жана Сауд Аравияда иштөөгө уруксат берүү эрежелери боюнча жооптор берилди.

Элчи Марипов Сауд Аравиясында окуп жана иштеп жаткан Кыргызстандын жарандары үчүн кошумча ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, аларды жарандар жана элчилик менен биргеликте Эр-Рияд шаарында пландаштырылган спорттук жана маданий иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий