• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Улукбек Марипов "Минск трактор заводуна" барды

Өкмөт 0

Бишкек, 29.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Беларусь Республикасынын Минск шаарына иш сапарынын алкагында Минск трактор заводуна барды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ал заводдо чыгарылып жаткан техниканын бир катар моделдери менен таанышты.

Улукбек Марипов биздин өлкөдө Беларус тракторлорунун таанымал экендигин белгилеп, мындан ары да кызматташууга ишенимин билдирди.

Андан кийин Улукбек Марипов 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл койду.

Ошондой эле Марипов Чыңгыз Айтматов атындагы паркта болду.

Пикир

Оставить комментарий