• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Улуттук аккредитациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 12-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңештин жыйыны болуп өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, жыйын министрдин орун басары Лира Самыкбаеванын жетекчилиги астында өттү.

Бул жыйында “Борбордук Азиядагы билим берүүнү аккредитациялоо ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесин Кыргызстандын аймагында аккредитациялык агенттик катары таануу маселеси каралып, арыз ээси тапшырган документтердин мазмуну биздин өлкөнүн ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шайкеш келбегендиги үчүн таануудан баш тартуу чечими кабыл алынды.

Ошондой эле жаңы укуктук ченемдик актылардын талаптарына ылайык аккредитациялык агенттиктердин ишине мониторинг жүргүзүү үчүн тартылуучу эксперттерди сертификациялоонун жыйынтыгы чыгарылды.

«Окутуудан жана онлайн тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөндөр 3 жылдык мөөнөткө эксперт катары таанылды жана аларга эксперттин күбөлүгү тапшырылды»,-деп айтылат маалыматта.

Отурумдун жүрүшүндө аккредитациялык агенттиктердин 2023-жыл жана 2024-жылдын 3 кварталынын отчеттору угулду.

Муну менен катар аккредитациялык агенттиктердин документтеринин жаңы ченемдик укуктук актылардын талаптарына туура келишин талдоо боюнча комиссиянын жыйынтык корутундулары талкууланып, агенттиктерге бир катар сунуштар берилди.

Белгилей кетсек, 2025-жылдан тартып агенттиктердин ишмердүүлүгүнө мыйзам чегинде системалуу мониторинг жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий