• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Улуттук анимациянын негиздөөчүсү Сагынбек Ишеновдун тарыхый- этнографиялык музейи ачылды

Маданият 0

Бишкек, 04.05.22. /Кабар/. Кечээ, 3-майда Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылындагы Калча орто мектебинде КР Эл артисти, СССР Кинематографисттер союзунун жана Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, сүрөтчү жана кинорежиссер, кыргыз улуттук анимациясынын негиздөөчүсү Сагынбек Ишеновдун тарыхый-этнографиялык көркөм сүрөт музейинин ачылышы болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышып, куттуктоо сөз сүйлөдү.

Анда министр Сагынбек Ишеновдун кыргыз анимациясына, сүрөт жана кино искусствосуна кошкон салымдарын айтып, анын бүгүнкү күнгө чейинки жасаган эмгектери тууралуу кенен токтолду.

Сагынбек Ишенов учурда 88 жашта. Азыр кадырман карылык доорун сүрүп жаткан кез. Ал 1955-жылы Фрунзе сүрөт окуу жайын, 1961-жылы ВГИКти бүтүргөн. Ошол эле жылдан — «Кыргызфильм» киностудиясында 1977-жылы киностудияда иштеген аниматорлор тобун жетектеген. Кыргыздын биринчи мультфильмдеринин режиссёру болгон.

Сүрөтчү жана коюучу катары фильмографиясы:

1963 - Космонавттар көчөсү;

1965 - Эң тил алчаак;

1966-жыл - Биздин балалыктын асманы;

1971 - Отко таазим;

1975 - Ташта жылмаюу;

1976 – Сыпайчы (ТВ).

Режиссёр катары:

1977 - "Сандардын чатагы" жана "Меке чал менен Кара дөө" сындуу мультфильмдер менен элдин эсинде.

Пикир

Оставить комментарий