• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Улуттук банк валюта рыногунан 62,5 млн доллар сатып алды

Экономика 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Улуттук банкы 62 млн 500 миң АКШ доллары өлчөмүндө валюталык интервенция жасады.

Улуттук банк ушуну менен быйылкы жылдын эсебинен 10-ирет чет элдик валютаны сатып алуу менен тескери интервенция жүргүзүүдө.

Учурда доллардын расмий курсу 1 доллар – 87,30 сом, евро – 93,76 сом.

Эске сала кетсек, буга чейин Улуттук банк 7-июнда – 40,7 млн доллар, 4-июнда - 16 млн 900 миң доллар, 21-майда – 31,5 млн доллар, 7-майда - 17,7 млн доллар, 26-апрелде - 24,5 млн доллар, 22-апрелде - 25 млн 850 миң доллар, 16-апрелде — 19,2 млн доллар, 8-апрелде — 17,1 млн доллар, 27-мартта — 9 млн доллар сатып алган.

Пикир

Оставить комментарий