• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Улуттук банк үч комбанктын жетекчи кызматына талапкерлерди бекитти

Экономика 0

Бишкек, 08.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы үч коммерциялык банктын жетекчи кызматына талапкерлерди бекитти. Бул тууралуу финансылык жөнгө салуу органынан билдиришти.

1.Улуттук банк АКБ «Толубай» жабык акционердик коому тарабынан АКБ «Толубай» жабык акционердик коомунун башкы бухгалтеринин орун басары/операциялык башкармалыктын начальнигинин орун басары кызмат ордуна сунушталган Бекмурзаева Гүлнура Арстанбековнанын талапкерлигине 2024-жылдын 2-июлунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.

2.Улуттук банк "Демир Кыргыз Эл Аралык Банкы" жабык акционердик коому тарабынан "Демир Кыргыз Эл Аралык Банкы" жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү/аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Асрандиев Эркин Шамшудиновичтин талапкерлигине 2024-жылдын 2-июлунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.

3. Улуттук банк "ФинансКредитБанк" ачык акционердик коому тарабынан "ФинансКредитБанк" ачык акционердик коомунун башкы бухгалтеринин орун басары кызмат ордуна сунушталган Набитаева Алина Константиновнанын талапкерлигине 2024-жылдын 2-июлунда макулдук берүү чечимин кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий