• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Казакстандын Салык кызматтарынын жетекчилери жолугушту

Экономика 0

Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы Марат Султангазиев менен жолугушту.

Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашкандай, тараптар 2017-жылдын 2-декабрындагы жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу экономикалык кызматташуу, ошондой эле чек ара, транспорттук, фитосанитардык жана ветеринардык контролдоо, бажылык жана салыктык тескеп башкаруу маселелери боюнча Жол картасынын иш-чараларын аткаруунун жыйынтыктарын чыгарышты.

Жолугушуунун катышуучулары салыктарды төлөөдөн качуу максатында кыргыз-казак чек-арасы аркылуу товарларды мыйзамсыз ташып өтүүнүн жалпы көйгөйлөрүн талкуулашып, бул маселелер боюнча ыкчам маалымат алмашуунун зарылдыгын белгилешти.

Жол картанын 10 жана 11-пункттарын аткаруу максатында, Кыргызстандын жана Казакстандын салык кызматтарынын делегациялары экспорттолуучу жана импорттолуучу товарлар боюнча маалымат алмашууга багытталган Кыргызстандын Салык кызматы жана Казакстандын Кирешелер боюнча комитетинин эки тараптуу экономикалык кызматташуу жана салыктык башкаруу маселелери боюнча иш-чаралар планынын долбоорун карап чыгышты. Пикир алмашуунун жыйынтыгы боюнча, сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен ушул документти толуктап иштеп чыгуу жана кол коюуга алып чыгуу чечими кабыл алынды.

Ошондой эле тараптар Кыргызстан жана Казакстан Республикасы ортосундагы өз ара соодада товарларды ташып кирүүнү/ташып чыгууну башкарууга байланыштуу маселелерди козгошту.

Натыйжада, Кыргызстандын жана Казакстандын Салык кызматтарынын жетекчилери тийиштүү Протоколго кол коюу менен жолугушууну жыйынтыктап, эки өлкөнүн фискалдык органдары ортосундагы кызматташуунун мындан ары чыңдоону көздөшөөрүн тастыкташты.

Пикир

Оставить комментарий