Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Улуттук банк үч коммерциялык банкка айып салды. Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, КР мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн үч коммерциялык банкка ар бирине 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Пикир
Оставить комментарий